Коронавирус бир ордунда турбайт, ал дайыма мутация болуп турат». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Ал коронавирустун 39 түрү бар экенин, бул вирус көбүнчө жаныбарларда болуп, коронавирустун 6 түрү адам үчүн кооптуу экенин айткан.

Учурда социалдык тармактарда адамдан адамга, азык-түлүктөн, деңиз азыктарынан, почтадан келген товарлар аркылуу жугат деген сөздөр тарап жатат. «Бүгүнкү күндө ушундай жол менен жуккан маалыматтар такталган жок. Вирус ордунда турбайт, дайыма мутация болуп турат. Кытай өкүлчүлүгүнөн алган маалыматтарга ылайык, окумуштуулардын тыянагы боюнча жарганаттар инфекцияны алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн. Жарганаттан жыланга жугуп, ал жыландан жарандарга жуккан деген өздөрүнүн тыянактарын берип жатат. Бирок бул тыянак деле бүгүнкү күндө такталган маалымат эмес. Коронавирус жылда ар кандай түрү менен тарайт. Мисалы, 2012-жылы Арабияда коронавирустун жаңы түрү пайда болуп, анын инфекциясын алып жүрүүчү катары төөдөн жуккан жолдору такталган, бирок адамдан адамга жуккан жолдору такталган эмес. Ошондуктан коронавирус эртең өзгөрүп, мутация болуп кетпейт дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Орусияда, АКШда ушул жаңы чыккан типтеги коронавируска вакцина иштеп чыгуу маселеси каралууда. Бул вакцина иштелип чыга турган болсо, кеминде 6 айдан кем эмес убакытта иштелип чыгат. Буга аябай көп каражат жана көп убакыт керек», — деди Жороев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here