Трамп «Твиттердеги» баракчасына: «Биз жаңы вирустан улам Кытай менен тыгыз байланыштабыз. АКШда бул илдетке кабылгандар өтө аз катталса да, баары бир чочулоо бар. Кытайдын президенти Си Цзиньпиңге өз жардамыбызды сунуш кылдык. Бизде мыкты адистер бар» деп жазды.

27-январда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян коронавирус биринчи жолу катталган Ухань шаарына барды.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 106 адамга жетти. Бийлик 4500дөй адам жаңы вирусту жугузуп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты. Коркунучтуу илдет башталгандан бери мунай кескин арзандап, Кытай валютасынын куну түштү.

Кытайдан башка 16 өлкөдө баш-аягы 48 адам вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын дээрлик баары кытайлык туристтер же Кытайга барып келген жарандар. 27-январда Германияда коронавирусту жуктурган биринчи адам аныкталды.

Кеминде 60 млн. адам жашаган Хубэй провинциясынын Ухань баштаган бир нече шаарында карантин уланып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Бээжинге келип, Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here