ЕАЭБдин Ат-Башыда 400 гектарга чейин курула  турган логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жергиликтүү эл кечээ күнү   митингге чыгып, бийликке нааразычылыктарын айтышты. Өткөн жумада Бишкекте Салымбеков баштаган бир катар ишкерлер ал логистикалык борбордун курулушун колдоп журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Ага улай өкмөт Ат-Башыдан чыккан атка минерлер: Мелис Турганбаев, Жылдыз Мусабаекова баштаган жоон топ өкүлдөрдү Ат-Башынын элине жиберген. Алар дагы жергиликтүү өкүлдөр менен жолугуп келишкен. Бирок Ат-Башы эли өкмөткө Ат-Башыга кытайлар толуп кетерин, берилген жер дагы мөөнөтсүз экенин айтып, андай борборду салдырбай тургандыгын эскертип турушат.

Алардын билдирүүсүнө караганда, митингге чыккандар индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлер курууга каршы экендиктерин билдиришкен. Алар кытайларга жер берилбеши жана аталган борборду Кыргызстандын ишкерлери курушу керектигин баса белгилешкен. «Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күн берсе да, алар ал жактан өмүрү чыкпайт. Ошон үчүн биз аларге жер берүүгө каршыбыз! Бизге байлыктын кереги жок!», – дешкен митингдин катышуучулары. Алар мындай акцияны 30-январда дагы уюштура тургандыгын айтып, тарап кетишкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here