Бишкектин коронавирус боюнча шек саналган 28 жаштагы тургунунда андай диагноз такталганбаганын 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлү билдирди. Ал жигит апасы менен эс алуудан кийин Таиланддан учуп келген. Маалыматта: Дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп турган жаранды учактан түшөр замат «Тез жардам» менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишип, атайын костюмдарды кийип, бардык тиешелүү иштер жүргүзүлгөнү айтылат. Андай оору такталган жок. Дарыгрелер консилиум өткөрүп, бир саат ичинде диагнозду четке кагып, башка ооруканага жаткырышкан.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 киши көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here