Бүгүн кыргыз элине чоӊ эмгек кылып жүргөн айтылуу инсандардын бири Узакбаев Талантбек Макишович туура 60 жашка толуп жатыптыр. Ал 1960-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген.
1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Ветеринария” факультетин аяктагандан бери бул тармакта көп жыл үзүрлүү иштеп, чоӊ адистердин бири катары жалпы журтка таанылды. Иш менен эле чектелип калбастан илим менен да тыкыр иликтенип, илимдин кандидаты болуп, бир нече эмгектердин автору болду. 2003-жылдарга чейин айыл-чарба, анын ичинде өз кесиби менен ар кандай кызматтарда иштеген.
2003-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси болуп турган.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Башкы ветеринар инспектору болуп дайындалган. 2005-2006 жылдары КМЫ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айыл суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалган.
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А.Дүйшеев атындагы ветеринария институтунун улук илимий кызматкери, Илимий кеңештин мүчөсүндө турат.
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңешинин V-чакырымына депутаты.
“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги”, Ветеринарияя илимдеринин кандидаты. 2019 жылдан бери Түндүк региону боюнча ветеринардык-диагностикалык борборун жетектеп жатат. Эл үчүн иштеп жаткан Талант мырзага чыӊ ден-соолук, узун өмүр, ишине албан-албан ийгилик каалайбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here