Тажикстандын профессору, экономика илимдеринин доктору Ходжамахмад Умаров деген билими тайкы адам кыргыздардын дарегине карата кемсинткен келжирек кеп айтты. Ал Россияда иштеп жүргөн кыргыздардын тыӊып, жакшы жерде иштеп жаткандарын көрө албай бузук оюн ортого салыптыр. Ал:  “Эгерде Тажикстан ЕАЭБге кирсе Россияда иштеп жаткан тажик мигранттарга жакшы шарт түзүлөт. Мен жакында Санкт-Петербург шаарындагы соода борборлодун бирине барып калдым. Ал жерде кыргыздар да, тажиктер да эмгектенишет экен. Бирок, кыргыздар кассир, жетекчилик, экспедитор кызматтарында иштешсе, тажиктерди андай кызматтарга жолотушпайт экен. Алар жер төлөдө, эшикте кара жумуш менен алектенишет. Кыргыздардын айлыгы дагы 2-3 эсеге көбүрөөк. Бул туура эмес көрүнүш, тажиктер соода-сатык менен алектенип жүргөндө, кыргыздар көчмөн калк болуп жүрүшкөн. Буга тарыхый далилдер бар. Калыс болуш үчүн, кыргыздар жер төлөдө, тажиктер залда иштеши керек ”-деп келжиреп, ичине таруу айланбай, ичи тардык кебин журналисттер аркылуу коомчулукка айтып чыккан. Эч бир улут, кайсы бир улутту, ал улуттун мүмкүнчүлүктөрүн, тарыхын кемсинтүүгө акысы жок. Тажик профессор сөрөй, тажик мигранттар менен кыргыз мигранттардын деӊгээлин эмгиче билбей, эшек такалап жүрөбү?! Же бул адам дипломду, профессорлукту кызылдай акчага сатып алгандардын катарындагы «халтуралардын» бириби? Чынында тереӊ билимдүү профессор болсо, мындай пас кептерди айтпайт эле да…

Орустар деле кайсы жумушка кайсы улуттун өкүлдөрү татыктуу экенин эч кимден сурабайт. Алар жакшы жумуштарга жооптуу, иш билги, билимдүүлөрдү алышарын баарыбыз жакшы билебиз. Биздин мекендештерибиз ошого жараша татыктуу айлык алып жатышат. Акыркы жылдары мигнаттардын арасынан Кыргызстандын бир топ көйгөйлөрүн чечип жаткан мекендештерибиз арбыды. Ылайым арбый берсин дейли, ал эми ичи күйүп, ириген-чириген сөздөрдү айткандарга Кудай өзү тараза…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here