Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни провинциясында учак кыйрады. Азырынча жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Учакта 86 жүргүнчү болгонун жазып жатышат.

Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Ареф Нури «Азаттыкка» билдиргендей, учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 1лер чамасында кыйраган.

Маалыматтарда мамлекетке таандык «Ariana Afghan Airlines» аба компаниясынын учагы кыйраганы айтылууда. Учак Дех-и-Газни районунун борборунан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым аралыкта бараткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here