Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайда пайда болгон коронавирустан сактануу боюнча кыргызстандыктарга бир нече сунуштарды, эскертүүлөрдү берди..

«Кыргызстандын 22 чек ара өткөрмө бекетине тепловизор коюлуп, дарыгерлер нөөмөттө турушат. Бишкек жана Ош шаарына учак менен чет жактан келген жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Бизде алгачкы жардамды көрсөтө турган дары-дармектер жетиштүү. 3,5 миллион бет кап, 1468 халат, көз айнек, бут кийим менен камсыздалганбыз. Бул вирус боюнча 500 кызматкер окуудан өттү. Ошол эле учурда жарандарга мүмкүн болушунча эл көп чогула турган оюн-зоокторду кыскартууну сунуштайбыз. Мындай тажрыйбаны көп мамлекеттер колдонуп жатат. Анан эч уялбай эле көчөдө бет кап кийип жүрүүгө жана тамак-аштын санитардык талаптарын сактоого чакырабыз», — деди министр/

Ошол эле учурда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча мамлекет өзү чечим кабыл алат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here