Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. АКШ Ухань шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып баштады. Ал эми Канадада бул ооруну жуктурган бир киши катталды. Ошондой эле Москвада 7 киши коронавирус боюнча шектүү катары ооруканага жаткырылганы белгилүү болду

Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы боюнча кабар тарады. АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Автсралия, Францияда ооруну жугузгандар аныкталды.

Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда оору көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп бара жатканын билдирди. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди. Гонконгдо да оору катталгандыктан, вирус боюнча чукул кырдаал жарыяланды. 26-январда АКШ Ухандагы жарандары менен дипломаттарын чыгарып кетиш үчүн чартердик каттам уюштурду. Шанхайдагы бир күндө 100 миң киши кирген Диснейленд, Гонконгдогу Океан паркы, кинотеатрлар жабылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here