Маалым болгондой буга чейин сот Токмокто дарыканадан акча уурдай качкан жаранды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом акчалай айып салган. Чүй облустук соту Токмок шаарындагы дарыканадан акча уурдай качкан Замир Кожокановдун ишин кайра карап, беш жылдык жаза мөөнөтүн 2 жыл 6 айга кыскартып, 50 миң сом айып салганы аталган соттон белгилүү болду.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 12-мартында Токмоктун тургуну Кожокановдун балдары ооруп, дары-дармекке акча издеп чыккан. Жолдон досторуна жолугуп, ичкилик ичкен. Көз байланган учурда «Айболит» деп аталган дарыканага кирген да, акчасы жок экенин айтып, курткасын күрөөгө коюп сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен. Бирок көп өтпөй милиционерге өзү келип, кылганын моюндаган.

Тергөө учурунда камакка алынган Кожоканов менен дарыканачынын айткандары дал келген. Аял жигитти кечирип, аны жазалабоону суранган. Ал келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта иштеп келген. Анын эки кыз, бир уулу бар экени айтылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here