Коронавирустун очогу делинген Кытайдын Ухань шаарында оорукана курула баштады. Бул ооруканага вирусту жугузуп алган бейтаптар жаткырылып, дарыланат. Батыш маалымат булактарынын жазганына караганда, оорукананын курулушу 6 күндө бүтүшү керек. Ал эми 2-февралда оорукана эксплуатацияга берилүүгө тийиш экендиги маалымдалды. Оорукананын жалпы аянты 25мин чарчы метр. Ал жерге бир эле учурда 1000киши дарыланууга болот.

Буга чейин адам организминде табылбаган «2019-nCoV» деген жаңы вирустан Кытайда бери дегенде 25 адам өлдү. Баш-аягы 830дөй киши жаңы вирусту жугузуп алганы ырасталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here