Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кенешинин кезектеги жыйынында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу ордунан жылбай турганын сынга алды. Мамлекет башчысы өкмөт чечимди кабыл алууну бир жылдан ашык создуктурганын белгиледи. Ал өз сөзүндө:

Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок, — деди.

Президент Коопсуздук кеңиши кабыл алган чечимдерди аткарбаганы үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилерин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here