Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Жээнбеков качып кеткен Насирбек Алмаматовдун ишине Башкы прокуратура жана сот өзү аралаш экенин айтты. Ажо Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын мындайча айтты:

— Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаматов коррупциялык схема түзгөн (күнүгө 100 миӊ сомдон чогултуп турганы айтылган) деп айыпталып, сот жообуна тартылган болчу. Ал Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрындагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес. Ал алгач 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.

Насирбек Алмаматов

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган. Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here