Учурда президенттин катышуусу менен Коопсуздук кеӊешинин жыйыны болуп жатат. Жыйындын жүрүшүндө президент элде УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат көп экенин билдирди.

Реформа кылып жатабыз деп айтып жатасыңар. Аны айтыш оңой, бирок ишке ашырыш, сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Муну ыйманы бар, эрки жана ыйманы бар, баласынын, өлкөнүн келечегин ойлогон гана жетекчи кыла алат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылып жатасыңар. Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланыш керек. Министр, губернатор, акимдер өзүлөрү таза болмоюнча муну ишке ашырыш кыйын. Ошондуктан колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле да. Колунан келген адамга орун бошоткула.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here