Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч жыйынында кабыл алынган чечимдер өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам толук аткарылбай калды деп билдирди. Премьер-министрдин жыйында өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдеринин 85% аткарылганын айтты. Абылгазиев мындан тышкары, өкмөттүн жоопкерчилик маселесибоюнча буларды айтты: -Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык— деди…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here