Жогорку Кеңештин жыйыны ар кандай маселелер менен башталды. Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алып, президентке кайрылды. Ал өкмөт мүчөлөрү жок жерден элдин кыжырына тийип жатканын далилдер менен баса белгилеп айтты.

Ал:

-Бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганы менен баалады. Дагы бири чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды чыккынчы деди. Өкмөттүн өкүлү мугалимдерди «галстугуңар жок» деп зекип жатат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, анда бюджеттен карап галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Элдин кыжырына өзүлөрү тийип жатат, башка эрмеги жокпу?» — деди.

Мындан сырткары, ал соңку учурда башка мамлекеттердин өкмөтү отставкага кетип жатканын мисал келтирип, президент Сооронбай Жээнбековго бир катар маселелер менен кайрылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here