22-январда Россиянын Челябинск облусунда КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, беш киши көз жумганын жергиликтүү ЖМКлар жазышкан.

Каза болгондордон үчөө кыргызстандык жарандар болгон. Алардын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маркумдардын сөөгү Челябинск шаарындагы өлүкканада. Биринин туугандары ошол жерде, калгандарынын жакындарын издөө иши жүрүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here