Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу парламенттин жыйынында мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү кайра башталганын айтты.

Ал бул маселе боюнча буларды билдирди.

2019-жылы мектептерде ата-энелердин чогултуп жаткан акчалары боюнча чоң чыр болду эле. Ошонун аркасынан мектептерде акча чогултуу токтотулуп, иштер оң жагына бурулган. Бирок жаңы жылдан кийин ата-энелер кайра кайрылып жатат, кээ бир мектептерде күчкө салып, ата-энелерин кыйнап, “мектептин акыбалы начар болуп жатат” деген себептерди айтып акча чогултуп жатышыптыр.Ушул боюнча өкмөт так позициясын билдириши керек.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2019- жылдын октябрь айында Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу жөнүндө буйрукка кол койгон .

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here