Бул маселе Жогорку Кеӊеште көтөрүлдү. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында Азыр жер-жерлерде пилоттук программа катары даярдалып жатат. Орто билим берүүчү мектептердеги окутулган 14 сабак эмес, анын ичинен даярданып жүргөн кесибине байланыштуу жети сабак боюнча билим алууга басым жасалмакчы. Депутаттардын суроолоруна жоо берген министрдин орун басары пилоттук долбоор биринчи Бишкек шаарынан башталып, ишке кирген. Ал мисал катары №12 мектептин 10-11-классын бүткөндөр медицина тармагына кандайдыр бир деңгээлде даяр болуп чыгарын айтты. Ошондой эле 5-класстан жогорку класстарга англис тили сабагы жумасына эки саат өтүлсө, азыр беш саатка көбөйтүлүп баштаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here