—Токон Болотбекович, бул кызматта иштеп жатканыӊызга   бир  жылдан ашты.  Өткөн жылы аткарылган кандай иштерди баса белгилеп айтат элеӊиз?

—Өткөн жылы көп эле иштер аткарылды. 2018-жылда аткарылган жылдык баяндаманы  багыттар боюнча топтоп, эки тилде даярдап жатабыз. Буйруса, Жогорку Кеӊеште апрель айында   менин жылдык баяндамам болот. Ошол жерден баарын айтып, баяндайбыз. Азыр эми силерге баарын тизмектеп айтып олтурсам, көп сөз. Ошондуктан айрымдарын гана айтайын. Өткөн жылы 1-январдан баштап жаӊы кодекстер ишке кирбедиби. Ал кодекстерде көрсөтүлгөн адам укугуна тиешелеүү маселелерди өзүбүздүн юристтер изилдеп чыгып, бир топ кемчиликтерди белгилеп чыгышкан. Чынында жаӊы кодекстер сот системасын,  тергөө иштерин бир топ жеӊилдетип койгон. Мисалы, убактылуу кармоочу  жайларда бир бөлмөдө эле 15-20дай киши болуп, толуп кеткен. Азыр болсо андай көрүнүш жок, ашып кетсе бир камерада 5-6дан олтурушат. Бул эми жаӊы кодекстеги гумандуулук ишке ашып жаткандыгынын белгиси. Бирок ошол эле учурда иш жүзүндө талдай келгенде жаӊы кодекстер боюнча кемчиликтер чыгып,  айрым мыйзамдар бири-бирине каршы келүүдө. Андай мыйзамдарды оӊдойлу десек, көп нерсени өзгөртүүгө туура келип калат экен. Мына ушулардын баары анализделгенден кийин вице-премьер Жеӊиш Разаков башында турган  өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ жаӊы кодексте кеткен кемчиликтерди оӊдоп чыгат. Биз дагы ал  жумушчу топко бир топ сунуштарды бергенбиз. Мисалы,  силердин кесиптешиӊерге байланыштуу бир сунушту айтып коёюн. Мисалы, азыр айрым журналисттерди  саясатчылар ж.б.  миллиондогон акчага сотко берип жатышпайбы. Биз бул доо туура эмес деп жатабыз. Бул жерде биринчи кезекте журналисттин жашоо-турмушу, айлыгынын өлчөмү каралышы керек. Доого жыгууда биринчи кезекте мына ушул жагы эске алынуусу зарыл.  Азырынча ал жумушчу топ качан ишти аягына чыгарын так айтуу кыйын.

 Мындан тышкары,  ар кандай кызматтарда 40-45 жыл иштеп жүрүп, пенсияга чыкканда 3-4 миӊ сом менен эле чыгып калган адамдарыбыз көп. Алар бул маселеге нааразычылык билдирип келишет. Алардын пенсия маселесин кайра иликтеп, эсептеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.  Мына ушул боюнча өз сунушубузду  өкмөткө бердик. 

—Мигранттардын укугун коргоону да күчөтүү аракетин көрүп баштадыӊыздар окшойт…

—Ооба. Чынында  Россияда мигрант болуп иштеп жүргөн мекендештерибиздин саны миллионго жакындайт. Алардын укугу толук корголбой келет. Айрымдары камакта болуп, айрымдары эмгек акысын ала албай калып жатышат. Айтор ушул сыяктуу көрүнүштөр көп эле болуп жатпайбы. Россиядагы биздин элчилик бар, алардын маселесин чечүүгө чамасы чак болбой жатат. Биз дагы Россиянын булуӊ –бурчуна өзүбүздүн өкүлдөрдү коюп, атайын штат менен иштететели десек, мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт. Мисалы, “Замандаш” ассоциациясы, “Кыргыз конгресси” ж.б. көптөгөн уюмдардын жетекчилери менен жолугуп,  мигранттардын укугун коргоо багытында иш жүргүзүүнү макулдаштык.  “Кыргыз конгрессине” Россияда  Сахалинден баштап, Калининградга чейин  60тай    уюмдар кирет экен. Мен Москвага барганда ал уюмдардын жетекчилери менен  жолугуп,  кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол койдук. Россиянын ар кайсы региону  боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысынын  кызматташып иштешкен жетекчилерге Акыйкатчынын коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү,  жардамчысы, кеӊешчиси, өкүлү деген биздин кол коюлган, мөөрүбүз басылган өзүбүздүн күбөлүктөрдү бердик. Ал күбөлүк менен эле чектелип калбай, региондордун губернаторуна, миграция боюнча кызмат башчысына, полиция башчысына  биздин өкүлдөр менен кызматташууну суранып кат жаздык.  Буйруса, бул багытта жакшы иштер жүрүп жатат. Россияда жалпысынан 90го жакын субьект регион болсо, ошонун 27исине өзүбүздүн өкүлдөрдү бекиттик. Россияда Акыйкатчы тууралуу мыйзам биздикиндей  жөнөкөй мыйзам эмес, Конституциялык мыйзам. Ар бир облусунда  штаты чоӊ  атайын Акыйкатчылар  иштейт. Азыр бир топ маселе жеӊилдеп баштады. Эми алдыда бул иштерди дагы дагы күчөтөбүз.

—Бул багытта чынында жакшы иштер башталыптыр. Эми айтсаӊыз, Кыргызстанда адам укугу канчалык деӊгээлде корголуп жатат? Акыйкатчыга бир жыл ичинде канча адам кайрылат, ошолордун канчасынын укугун коргой аласыздар? Пайыздап айтсаӊыз…

—2019-жылы  бизге келгендер, кат жазган адамдардын саны   9800дүн тегерегинде болду.  Андан башка биздин   115 кыска номери боюнча түз байланышыбызга 10 700дөй адам чыгып, кайрылуу болгон.  Эл аралык стандарттын  талабы боюнча   Акыйкатчыга кайрылган  маселелердин 6-8 пайызы чечилсе натыйжалуу болуп эсептелет экен. Биздики ал көрсөткүчтөн жогору  болду, тактап айтканда  14 пайызга чейин жеткирдик.  Мындан башка бизге соттук иштерге катышып  берүү боюнча да  кайрылгандардын саны  700дөй  болду. Муну биз 100 пайыз аткардык. Бирок 100 пайыз дегенибиз менен  биз бул ишти  чоӊ  жетишкендик катары санабайбыз.  Эгер биз абакта туура эмес отургандардын  актыгын сот аркылуу далилдеп, эркиндикке чыгарсак, анда жетишкендик деп айтсак болот.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here