Бишкекте өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган үч аял кармалды. Бул тууралуу баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ленин райондук милициясына былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургун кайрылып, кимдир-бирөөлөр анын психикалык жактан оорулуу 16 жаштагы бөлөсүн Караколдон күчкө салып алып кетишкенин айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кызды Бишкекте сойкуканалардын биринде кармап турушканы аныкталды. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

32 жана 27 жаштагы үч аял кармалды. Алар азыр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here