ИИМ мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылды. Аскер прокуратурасы тараткан маалыматта: « Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катты Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, анда ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча түшүнүк катты «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитке жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда» — деп айтылыптыр. Мына кызык, эгер  бийлик Разаков тажик бийлигинин тыӊчысы эмес деп кан какшап ырдап келет го. Тыӊчысы эмес болсо, ал тууралуу маалымат эмнеге сыр катары сакталышы керек? Деги эле Разаков ИИМде жооптуу кызмакетр катары башка мамлекеттин күч оргндары тарабынан эмнеге кармалган? Анын кармалышынын өзү мандемдүү болуп жаткан жокпу? Мунун баарын бийлик тактап минтип  элге айтып жатса элде ого бетер шектенүү жаралууда. Эске сала кетсек, Разаков азыр күч тармактарын көзөмөл кылып турат. Анан ал өзүнө байланыштуу маселенин минтип будуӊ-чаӊын чыгарып, ого бетер күчөтүп жаткан жокпу?

 Дагы бир тактап койчу маселе камакка алынды деген Турсунбек Бейшенбеков  журналист эмес, кесиби башка. Өзү автор болуп макала жазбагандардын катарында. Ал «Чындык» деген сайтты иштетип келет, андай аталыштыгы гезит жок.  Бул жагын «Азаттык», 24 кж баштаган ЖМКлар эле тактабай жазып жатышат.

Булак: Багыт гезити.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here