Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналистке маек берип жатып бул ирет “Жунгли китебиндеги” каарман – Акеланы гунн уруусунун башчысы Аттила менен алмаштырып алды. Депутат: » Мауглиде бар го, жанагы, Аттила чалынып калды же жыгылып калды деп жанында шакалдар кыйкырып жүрөт го. Мен муну ошондой эле кылдым. Уяттуу эч нерсе кылган жокмун да. Мен мас болуп, же жылаңачтанып чыгып алсам уялсам болот эле. Аянтта жылаӊач басып кеткен жокмун”, – деди. Ошондо ал өзүн бир эсептен карышкыр сезсе, элди шакалдар деп ойлойбу? Деӊгээлине  баракелде дегенден башка кеп айтуунун деле кажети жоктур.  “Сууну сиӊген жерге төк, кепти укканга айт” – дегендей, өзүн Аттила, же карышкыр сезгендер сөздөн айлансын дейли. Негизи Икрамов  эс –акылы болсо улам жаӊылып сүйлөгөнүн мойнуна алып, элден кечирим сурап койсо болмок.

Булак :Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here