Бишкекте өзүн милиционер катары тааныштырып, ири өлчөмдө акча доолап жүргөн деген шек менен бир адам кармалды. ИИМдин маалыматында ал бир келинди жыныстык мүнөздө коркутуп-үркүтүп, 60 миң сом талап кылганы айтылат.

21-январда милиция ыкчам операция жүргүзүп, аны Бишкектеги кафелердин биринде 35 миң сом акча алып жаткан учурда колго түшүргөн. Тинтүү учурунда чөнтөгүнөн «Коомдук көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү табылган. Ички иштер органы бул адам ушундай эле жол менен башкаларды да опузалап жүргөн болушу ыктымал деп шектенүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here