Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызматтан алынганын айрым ЖМКлар өздөрүнүн ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыгышты. 23-январга өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын имаратында облустун активи жыйынга чакыртылды.

Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдын октябрь айынан бери иштеп келет. Ал бул кызматка келгенге чейин 2015-жылы КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here