Бүгүн Кыргызстандын Аскар Салымбеков баштаган бир катар ишкерлери, экономиканы жакшы билген адамдар Ат-Башыда салына турган логистикалык борбор тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар логистикалык борборду куруу боюнча сүйлөшүүлөр тогуз айдан бери жүрүп жатканын билдиришти. Анын курулушуна борбордун инфраструктурасы үчүн 280 миллион доллар сарпталат. Борбор үчүн бөлүнгөн 200 гектардын 80 гектарына өндүрүш үчүн ылайыкташтырылып, 10 чакты завод-фабрика курулмакчы. Ал заводдордун анын ар бирине 10 миллион доллардан чыгымдалып, ошондо 1 миллиард долларга чейин инвестиция тартылары да баса белгиленип айтылды. Быйыл күздө логистикалык борборго 8 кабаттуу мейманкана жана административдик имараттар курулуп, алардын ачылышы болорун белгиледи. Мыйзам боюнча 80 пайыз Кыргызстандын жана 20 пайызы Кытай тараптан болушу керек. Бирок сүйлөшүүлөргө ылайык жумушчулардын 95 пайызы Кыргызстандын жарандары болмокчу. Ат-Башыга салына турчу логистикалык борбор сыяктуу жайларды Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия дагы салынмакчы. Логистикалык борбордун техникалык экономикалык негиздемеси боюнча бул жерде 10-15 миңге чейин киши иштемекчи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here