Кыргызстанда ишкерлик кылган айымдардын  саны кыйла өстү. Аялдар алсыз дегенибиз менен күчтүү экенин турмуш чындыгы көрсөтүп келет. Алардын бири биз маектешкен Айзада айым…

—Айзада айым, алгач  окурмандарга өзүӊүз тууралуу айтып берсеӊиз?

—Мени ишиме байланыштуу  көп тааныштарым “королева трактора” деп тамашалап коюшат. Анткени айыл- чарба техникасы менен иштеген айымдар Кыргызстанда өтө аз да.  Мен өзүм билимим боюнча  мамлекеттик кызматкермин. Студент кезде Ленин райондук акимчилигинде иштегем. Ошол учурда турмушка чыгып, үй-бүлө биринчи маселе болгондуктан  мамлекеттик жумушта иштебей калдым.  Көп кыйынчылыктар баштан өттү десем болот. Үч кызым бар. Тилекке каршы, жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшүп кеттик.  Турмуштун мындай соккусун көтөрүмдүү болуш үчүн белди бекем бууп өз алдымча иштеп, элге пайдамды тийгизейин деп аракет кылып жүрөм.

Башында ишкерликти жолдошум экөөбүз баштаганбыз. Россияда дагы иштеп келдим. Андан кийин  Чүйдө  бука багып, жер иштетип тажрыйба топтодум.   Ошол учурда  суу сугарганды да, трактор айдаганды да үйрөндүм.

—Айыл-чарба шаймандары менен иш алып баруу кыз-келиндерге  анча жакын иш эмес экени баарыбызга маалым. Сиз кандай себептен ушул багытта иштеп калдыӊыз?

—Менин чоӊ атам, чоӊ апам 2013-жылдары өтүп кетишкен. Мен турмуштун оорчулугунан, соккусунан кыйналып жүргөн учурда алар түшүмө  киришти. Түшүмдө  чоӊ апам  мага чоӊ жыгач табакка салынган буудай, боорсок, тандыр нан кылып берип: “Кызым, өзүӊдү ойлобой элиӊди ойло, элден бата ал. Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”  —  деген сөздөрдү айтты. Мен ал түштү чынында аян катары кабыл алдым. Биздин чоӊ  апабыз Калыгул олуянын  бешинчи урпагы болот. Чынында ага чейин мага көп эле жумуштарды сунушташкан. Бирок мен кайсыл багытта иштесем деп ойлонуп жүргөм. Анан ошол аяндуу түштөн кийин айыл-чарба тармагы боюнча иштеп калдым.  Башында башка бирөөнүн  фирмасында трактор сатып иштедим.  Бирок мен ал фирмадан  эмгегим бааланбай, ала турган айлыктарымды ала албай калдым. 

—Азыр  бул багытта иштериӊер кандай жүрүп жатат?

—Кыргызстанга айыл-чарба техникаларын алып келүү үчүн  Түркиянын Конья шаарына барып ушул багытта иш алып барышкан 21  компания  менен келишим түзүп келгем. Бирок ишти баштаганда дагы бут тосушту. Мен аларга атаандашпай ишти токтотуп койгом. Бир аз убакыттан кийин адам баласы кечиримдүү, сабырдуу болуш керек экенин тереӊ түшүнүп, кайра ишти баштагам. Ошол учурда мени Түркиядагы заводдун өкүлдөрү өздөрү издеп калышты. Буйруса, түркиялык ишкерлер менен бирге Кыргызстанга айыл- чарба техникасын курап чыгаруу боюнча завод курууну аракет кылып жатабыз. Бирок  инвесторлор азырынча  бир аз кооптонуп турушкандай… Себеби, бул багытта  мамлекеттен колдоо аз болуп жатпайбы.

Айзада: Кыргызстанга айыл- чарба техникасын курап чыгаруу боюнча завод курууну аракет кылып жатабыз. Бирок  инвесторлор азырынча 

Завод куруу маселеси бүгүн же эртеӊ чечиле калат деп айтуу кыйын. Буйруса, бул келечектин иши…

Негизи бизге урук себе турган, соко  сыяктуу шаймандар көбүрөөк керек экен. Биздеги айыл-чарба техникаларынын көбү эскирип калды да. Орточо эсептеп чыгышкан экен, ал эсептөө менен Кыргызстанга 60 миӊден ашуун айыл-чарба техникасы керек экен. Эӊ башкысы биз техниканы айрым ортомчулардай  болуп кымбат сатпай, дээрлик заводдогу өз баасында берүүгө аракеттенип келебиз. Ортомчуларга алданып,  бир топ кымбат баада сатып алышкан деле дыйкандарыбыз көп эле.

—Мына ушул багытта сиз канча дыйкандарга  жардам кыла алдыӊыз?

—Жалпысынан алганда 100дөн ашат го. Эӊ башкысы айыл чарба техникасын ала турган адамга туура кеӊеш берүү зарыл.

—Чынында бул багытта  туура эмес кеӊеш берип, адаштыргандар да аз эмес да..

—Ооба. Аз эмес. Мен бул багытта  иштеп жүрүп, көп нерсени байкадым, тажрыйба топтодум. Жалпылап айтканда адамдар акыркы мезгиле руханий байлыкка эмес, материалдык байлыкка жанталашып калышты. Колдоо көрсөтүү абдан аз, көрө албастык болсо өзүӊүздөр жакшы билесиз, бизде өрчүп кеткен. Мына ушул жаман сапаттардан арылмайынча өзүбүзгө эч качан жакшы болбойт. Адамдар аӊ –сезимин өзгөртүп, оӊолмоюнча  коом өзгөрбөйт.

Бул багыттан башка дагы  кылып жаткан иштериӊиз барбы? Ишкерчилик жаатында айтсак…

—Ооба. Мал алып сатуу, кийим алып сатуу багыттарында да иш жүргүзүп келем. Техника сатып киреше табуу оӊойго турбайт. Себеби, бир топ убакыт керектелет. Ошондуктан  башка иштер менен да алектенбесеӊ  жашоого кыйын эле болуп калат. Мени башка өлкөлөргө айлыгы 3- 5 миӊ долларлык жумуштарга чакырышкан. Мен ал жумуштарга көп кызыкпай, азырынча чет мамлекеттен билим алууну максат кылып жатам. Буйруса, жакын арада бул ишти баштаганы турам…

Айзада: Аялзаты үчүн биринчи кезекте , биринчи орунда  үй-бүлө куруу, эне бакытына балкып жашоо туруш керек.

 Бирок мекенчил болуп, өз мекениӊде жакшы иш кылайын десеӊ, кыйынчылактар да аз эмес болуп жатат. Чынында  ишкерлик кылуу барган сайын жеӊилдеген жок, тескерисинче билинбегени менен оор эле болуп баратат…

—Өкмөт болсо ишкерликти абдан жеӊилдетип  жатабыз деп эле какшап келет. Бул маселени сиздер жон териӊиздер менен сезип жатасыздар. Кемчиликтерин айтсаӊыз?

—Ишти баштоо үчүн өз акчаӊ жок болсо банктардан насыя алуу кыйын.  Бул багыттагы татаал маселелер чечилбей келет. Эгер  күчтүү тааныштарыӊ болсо анда насыяна жеӊил эле ала аласыӊ. Тааныш жок болсо кыйын эле. Андан тышкары, текшерүү да аз эмес. Документтердин саны  кыйла көп. Мунун баары ишкерлик кылган адамдардын убактысын уурдайт.

—Ишкерлик кылууга аракет кылып жүргөн айымдарга кандай кеӊеш бересиз?

—Аялзаты үчүн биринчи кезекте , биринчи орунда  үй-бүлө куруу, эне бакытына балкып жашоо туруш керек. Ишкерликти да өз нугу, өз ыӊгайы менен кылуу зарыл. Ишкерликтин ысык-суугу, чоӊ түйшүктөрү көп. Аялзаты үчүн жеӊил деп айта албайм. Эӊ башкысы чыдамдуу, сабырдуу, күжүрмөн, өжөр болуу зарыл. Мына ушул сапаттар мен ишкерлик кылам деген адамдарда болсо иш акырындык менен жүрүшөт.

    Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here