Бишкек шаардык милициясы жаш кызды сойкуканада зордоп иштеткендерге кылмыш козгоду. Өткөн жылдын  21-ноябрында Ленин райондук милициясына  К. А.  аттуу аял киши кайрылып, М.  аттуу аялдын үстүнөн арыз жазган. Ал 12-ноябрда өзүнүн жашы жете элек тууганы Р. Н. аттуу кызды эки бейтааныш адам  Ысык-Көлдөн Бишкекке  уурадап кетишип сойкуканада күчкө салып иштетишкенин  билдирген.

Ал эми ал 16 жаштагы кыз өзү буларды айтып берген: «Мен ал кишилер менен Ысык-Көлдө таанышып, картошка тааласында иштегем. Ал жерде 15 миӊ сом карыз болдуӊ деп мени сабашты, колумду байлап, машинеге салып Бишкекке алып кетишти. Бишкектен мени зордукташты. Сойкуканадан мени 18 жаштамын деп айтасыӊ деп кыйнашчу. Ал жакта 2 жума кармап, кыйнап иштетишет. Күндө бир маал уктатып, бир маал тамак берип, келген эркектерге кызмат көрсөтүүгө мажбур кылышчу. Бир күндө 20дай эркек келчү…» . Нурайымдын (Ред: аты өзгөртүлдү) айтымында ал жерде 11 кыздын жарымынан көбү өзүнө окшоп мажбурланып иштеп жатышкан. Нурайымга кардар телефон берип, жардам кылган. Ал апасына чалып, баарын айткан. Бирок бүгүнкү күндө милиция бул окуя боюнча зордуктоо эле фактысы менен кылмыш ишин козгоп коюшкан. Андан тышкары, Ош базардын жанындагы ал сойкуканада учурда иштеген кыздар жко экени айтылууда…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here