Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында болгон жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды. Дагы 7 киши ооруканада жатат.

Бүгүн эртең менен саат жети чамасында Сокулук айылында «Хонда Аккорд» каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен сүзүшкөн. Кичи автобус Бишкек—Кара-Балта багытында келе жатканы белгилүү болду. Жеңил унаадагы катуу жаракат алган 3 жүргүнчү көп узабай көз жумган-деп айтылат Чүй ОИИБ билдирүүсүндө.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here