Бүгүн   Саймаитинин өлүмү жана Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча парламенттик комиссиянын жыйыны болду. Ал жыйында Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов  Айэркен Саймаити менен «Абдыраз» ЖЧКсынын акча которууларынан шектенүүгө негиз бар экенин кабарлап 14 жолу кат жибергенин айтты. 2012-жылдан 2018-жылга чейин Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына шек жараткан банктык операциялар тууралуу 16 ирет маалымат берген. Анын 14үндө Саймаити менен «Абдыраз» ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Ал эми Финчалгындоонун башчысы Гуламжан Анарбаев иликтөөнүн натыйжасында ишкер Айэркен Саймаити 2 миллиард 608 миллион 508 миң сом, «Абдыраз» ЖЧКсы 3 миллиард 810 миллион 905 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү аныкталганын билдирди. Ошондо алардын Кыргызстанга  төлөбөгөн салыгы 6 миллиард сомдон ашкан. Бул деген  «Кумтөрдүн» бир жылдык салыгына чукул сумма…

View this post on Instagram

Саймаитинин өлүмү жана Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча парламенттик комиссиянын жыйыны болду. Ал жыйында Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов  Айэркен Саймаити менен «Абдыраз» ЖЧКсынын акча которууларынан шектенүүгө негиз бар экенин кабарлап 14 жолу кат жибергенин айтты. 2012-жылдан 2018-жылга чейин Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына шек жараткан банктык операциялар тууралуу 16 ирет маалымат берген. Анын 14үндө Саймаити менен «Абдыраз» ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Ал эми Финчалгындоонун башчысы Гуламжан Анарбаев иликтөөнүн натыйжасында ишкер Айэркен Саймаити 2 миллиард 608 миллион 508 миң сом, «Абдыраз» ЖЧКсы 3 миллиард 810 миллион 905 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү аныкталганын билдирди. Ошондо алардын Кыргызстанга  төлөбөгөн салыгы 6 миллиард сомдон ашкан. Бул деген «Кумтөрдүн» бир жылдык салыгына чукул сумма…

A post shared by Айбек Шамшыкеев (@aibekshamshykeev) on

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here