Улуттук банк жүгүртүүдөгү акча 106 миллиард 244,8 миллионго ал эми акча базасы 118 миллиард 65,4 миллион сомго жеткенин маалымдады. Бул көрсөткүч абсолюттук рекорд болуп эсептелет… Кеңири аныктамадагы акча базасы — 125 миллиард 68,3 миллион сом. Буга Улуттук банктын резервиндеги жалпы каражат дагы кошулат. Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты. Ал эми Акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви.

.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here