ИИМ мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылды. Аскер прокуратурасы Асановго кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагып, буларды билдирген:

— Алдын ала маалыматта вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катты Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, анда ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча түшүнүк катты «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитке жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Кечээ Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында “Чындык”  сайтынын Турсунбек Бейшенбеков бүгүн камакка алынды.

Редактор өзү Курсан Асанов менен эч кандай жакын тааныштыгы жок экенин айтат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here