Америкалык ырчы жана композитор Дэвид Олни 71 жаш курагында сахнада ырдап жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

«Концерт Флорида штатындагы Санта-Роса-Бичте болуп жаткан. «Ырчы үчүнчү ырынын ортосуна келгенде токтоп калган, андан соң кечирим сурап, көзүн жумган. Ал ошол бойдон столдун үстүндө турган гитарасынын жанында отуруп калган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылганы менен ырчы көз жумган- деп айтылат маалыматта.

Дэвид Олни 1948-жылы Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында төрөлгөн. 1973-жылы Нэшвилл шаарына келип, өзүнүн группасын түзгөн. Музыкант биринчи альбомун 1986-жылы жарыкка чыгарган. Ал карьерасында жалпы 20 альбом чыгарган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here