Милициянын өзү коркуп жаткан “Казакты” калкалап, эркелеткендер кимдер?

Ошто“Казак ” деген каймана аты бар бирөө чыкты. Крим чөйрөдө өз билгенин жасап, ал үчүн жооп бербей, милиция-соттун колуна түшсө алеки заматтын ичинде эркиндикке чыгып, кыла жүрчү кылмышын кайра –кайра жасап жыргап жатат. Ал өткөндө кафеде бир жигитти өлөрчө сабады. Ал оор абалда ооруканада жатат. Ал кылмышынан эки күн өтпөй Ошто 16 жаштагы кызды зордуктап салганы маалым болду. Өткөн жумада болсо мурунку мэр Аймамат Кадырбаевдин инисин да сабады. Алар да чуулдата албай калып калды. Коомчулукта “Казактын” аты катуу талкууга алынганда  президент аны кыз зордуктагандан кийин үй камагына чыгарып жиберген судья  Айнура Сулайманованы иштен алды. Жоопко тартылары айтыла элек. Ушул судьялар деле таза иштебей койду. Эгер, кокус ошол судья аялдын кызын, же тууганын  зордуктап, ал иш өзүнө келип калса, анда аны да үй камагына чыгарып жиберишеби? Албетте, мындай иштер бекер жасалбайт… Баары сатылат. Эми болсо Ош милициясы “Казакты” жоопко тарттыра албай, анын кылмышын иликтегендер коркуп-үркүп жатканы ачыкталып, бул боюнча маалыматтар  ЖМКларга чыгып кетти. Милиция өзү  криминалдардан коркуп жатса, карапайым адамдар кантет? Эмне дейбиз, элдин убалы кашаӊ министр  Кашкарга жетсин дегенден башка эмне айтабыз. “Казакты” эркелетип жаткандар каралардын  лөктөрү менен күч органдарынын күчтүүлөрү окшобойбу. Болбосо  мынча кутура албайт эле…

Береги тасмада адвокат айым менен тергөөчүнүн сүйлөшкөн сөзүнөн да көп нерсе ачыкка чыгып турат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here