Белгилүү болгондой 19-январда Лас-Вегастагы «T-Mobile» аренасында өткөн мушкер Конор Макгрегор менен Дональд Серроне мушташып, натыйжада Макгрегор жеӊишке жетишкен. Бул беттеште Серронеге ишенген, атактуу блогер  Дэн Билзерян миллион доллар коюп, 40 секундда акчасынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

View this post on Instagram

Макгрегор бүгүн, 19-январда, Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде биринчи раунддун 40-секундасында Серронени техникалык нокаут менен женип алды . Макгрегор биринчи айлампада эле демилгени колго алып, Серронеге үстөккө-босток чабуул коюп, жерге кулатты. Андан соң каршылашына сокку жаадырган ирландиялык мушкердин аракетин калыс токтотууга аргасыз болду жана жеңишти Конор Макгрегорго ыйгарды. Бул беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, UFC 246нын эң кызыктуу таймашы болот деп белгиленген эле. Буга чейин UFC президенти Дана Уайт эгерде Конор Макгрегор мушташтан жеңсе, орусиялык Хабиб Нурмагамедов менен кайрадан беттешүүгө мүмкүнчүлүк аларын билдирген. Буга чейин Макгрегор орусиялык мушкерге утулуп калган. Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагамедов эми 18-апрелде америкалык Тони Фергюсон менен мушташмакчы

A post shared by Айбек Шамшыкеев (@aibekshamshykeev) on

Беттештин алдында блогер Дэн Билзерян Инстаграм баракчасына букмекердик контордо столдун үстүнө толтура банкнотторду төгүп, беттеште Дональд утат деген ишенимин билдирген. Натыйжада алгачкы 40 секундда акчасынан кол жууган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here