Өткөн жумада президент Жээнбековдун филармонияга концертке барганын абдан чоӊ жетишкендик катары баалап жаткандар да аз эмес. Эми бул жагы башка кеп. Негизи президенттин маданиятка талапка ылайык кам көрүп жатканын анын концертке барганы менен өлчөбөй эле койгонубуз туура болот.

Президент көргөнү барган концертте кандай кызыктар болду. Ошондой кеп козгобосок болбос… Алардын бири мындайча болду.

Айтылуу ак таӊдай акын Аалы Туткучев концерт учурунда курчтугуна салып, президентке бут кийими жок балага кантип бут кийим үчүн акча бердиргенин береги тасмадан көрүӊүздөр. Негизи түшүнгөн адамга бул концертеги мындай көрүнүштүн маани-маӊызы биздин мамлекеттин, балдарыбыздын келечегине тиешелүү болуп турганын баса белгилей кетүү зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here