17-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14 жаштагы кыз чана тээп жатканда даракты сүзүп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта: «Аксы районунун Кара-Суу айылында 2005-жылы туулган М.М. аттуу кыз чана тээп жатып, аны башкара албай тыттын дарагын сүзүп алган. Анын кесепетинен кыз жаракат алып, айылдык медициналык жайга бара жатканда каза болуп калган. Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты— деп атылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here