Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналистке маек берип жатып бул ирет “Жунгли китебиндеги” каарман – Акеланы гунн уруусунун башчысы Аттила менен алмаштырып алды. Ал “Марал” радиосунун түз эфиринде маек берип жатып, парламентте туура эмес сүйлөгөнүнө коомчулуктун кылган реакциясын кандай кабыл алганын айтып жаткан. Депутат: » Мауглиде бар го, жанагы, Аттила чалынып калды же жыгылып калды деп жанында шакалдар кыйкырып жүрөт го. Мен муну ошондой эле кылдым. Уяттуу эч нерсе кылган жокмун да. Мен мас болуп же, жылаңачтанып чыгып алсам уялсам болот эле. Аянтта жылаӊач басып кеткен жокмун”, – деди. Ал буга чейин да бир канча жолу сөзүнөн чалынып, катуу сындарга кабылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here