Өзгөн районунун Прогресс айылына жеке ишкер Базаргүл Анарбаева 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакчанын имаратын куруп берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштерине 13 миллион сом жумшалган. Жаңы бакчанын ачылышы 17-январда өтүп, пайдаланууга берилди. Салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жаңы курулган бала бакчага учурда 80 бөбөк кабыл алынган.

Бакча Жылалды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here