Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринен алтын медаль уткандан кийин Бириккен күрөш уюмуна интервью берген. Ал жаңы жылдан кийин ооруп калып алиге чейин толук айыга электигин, мындан улам килемге чыкканда бар күчүн жумшай албай калганын айтты. Мындан ары дагы Азия чемпионатына жана башка турнирлерге катышуу ниети бар экенин билдирди. Эң башкысы, Олимпиададан алтын медаль атууга катуу даярданып жатканын баса белгиледи.

«Олимпиада оюндарынан эч ким алтын уткан эмес. Андыктан дагы бир жолу тарых жаңырткым келет»-деди Айсулуу Тыныбекова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here