Россияда Мамлекеттик Дума президент Владимир Путин премьер-министрлик кызматка сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин колдоду. Коммунисттер партиясынын фракциясы гана добуш берген жок.

Михаил Мишустин депутаттардын алдында сүйлөп жатып, улуттук долбоорлорду жана Путиндин май айындагы буйруктарын ишке ашырууга убада берди.
53 жаштагы Михаил Мишустин мамлекеттик кызматта жалпысынан 20 жылдан бери иштеп келет. 2008-жылдары мамлекеттик кызматтан бизнес үчүн тыныгуу да алган. Ал эми Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектеп келген. Ал бул жылдар аралыгында Салык кызматын реформа кылып, салык төлөчүлөргө кыйла жеӊилдиктерди түзгөн.

Ал салык чогулутуунун көлөмүн жылдан жылга көбөйтүп, 2018-жылы бул көрсөткчүтү мамлекеттин тарыхында болуп көрбөгөндөй көбөйткөн. Тактап айтканда 21, 3 триллион рублге жеткирген. 2018-жылы ал Салык кызматынын башчысы катары иштеген ишинен 19 миллион рублге жакын, ал эми аялы 47,7 миллион тапкан.

Ал Путиндин жакын досторунун бири. Хоккей боюнча ЦСКА командасынын чоӊ күйөрманы жана айрым учурларда кечкисин Путин менен хоккей оюнун ойнойт. Үч баланын атасы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here