Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.

«Апрель айында кар кетери менен курулуштун биринчи этабы башталат. Анда 5 миң чарчы метрлик жерге сегиз кабаттуу имарат салынат. Мейманкана, административдик корпус ошол имаратта болмокчу. Курулуштун биринчи этабына жалаң Ат-Башынын 1000ге чукул тургуну тартылат. Учурда акимчилик анда иштей турган адамдардын тизмесин түзө баштады», — деди Абдыкадыров.

Инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбору салына турганын Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев кошумчалады. Бүгүнкү күндө инвесторлор жердин ижара акысы үчүн 43 миллион сом бергени маалым болду. Логистикалык борбор толугу менен сегиз жыл ичинде салынып бүтөрү айтылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here