Элибиз сыймыктанган Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында Италиядагы эл аралык турнирде күч сынашып жатат. Ал эркин күрөш боюнча Matteo Pellicone эл аралык турниринин финалына чыкты.

Алгачкы таймашта кытайлык каршылашы Жи Лонгду убакыт бүтөрүнө 10 секунд калганда жеңди. Эсеп 6:6.

Чейрек финалда болсо 2019-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн вице-чемпиону болгон америкалык Мэйси Эллен Килтини 10:0 эсебинде утту.

Андан соӊ АКШлык балбан Кайла Коллин Мираклды бат эле далысын жерге тийгизип, жеӊишти камсыздады.

Ал эми финалдык беттеште дүйнө чемпиону россиялык Любовь Овчарова менен беттешип, аны 7; 2 эсебинде утуп. алтын медаль тагынды. Россиялык балбан тыным учурунда өзүн жаман сезгендиктен дарыгерлер карап чыгып, мелдешти улантууга болбойт турганын билдиришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here