—Узарбек мырза, бул кызматты аркалап, иштеп жатканыӊызга  бир жарым жыл болуп калыптыр. Өткөн жылды кандай жыйынтыктадыӊыздар? Негизги көрсөткүчтөрүӊөр кандай болду?

—Кудай буйруса, жакшы жыйынтыктап алдык. Өткөн жыл биз үчүн жемиштүү, жакшы жылдардан болду. Сөздү өнүгүүнүн негизги өзөгү болгон өндүрүш маселесинен баштайын. Өткөн жылы биздин облуста убактылуу ачылган ишканаларды эсепке албаганда туруктуу 70ке жакын жаӊы ишкана ачылды. Акыркы убакта  сары ташты кайра иштетүү ишканалары көп ачылып жатат. Өзгөн районунда эле 20га жакын ишкана ачылды.  Ушундай эле көрсөткүч Кара-Сууда да болду. Айтканга оӊой болгону менен ташты кайра иштетүү ишканасын ачууга 500 миӊден миллион долларга чейин каражат сарпталат. Эмнеге дегенде баары теӊ сапатка басым жасап, жабдыктарды Кытайдан эмес Түркиядан, Италиядан алып келишүүдө. Ал ишканалар ташты кайра иштетип, Казакстан, Өзбекстан, Россияга экспорттоп жатышат. Мурун сары таштарды эндей эле сыртка алып чыгып кетишчү. Азыр андай ишке тыюу салынып, ишкана ачышып, кайра иштетип, анан экспорттоп калышты. Муну менен бизде утуш көп болот. Себеби, иш орундары түзүлөт, салык көбөйөт, өздөрүнө да пайдалуусу  кайра иштетилген материал кымбат сатылат да.

 Мындан тышкары,  Өзгөндө 160 миллион сомго жакын инвестиция сарпталып, көмүр кени ачылды. Ал кен Түндүк-Түштүк альтернатива жолунан 10 чакырымдай алыскта жайгашкан. Ал жолго чейин жаӊы жол жана эки көпүрө салышты. Ал эми жогоруда айткан 70ке жакын ишканада туруктуу 800гө жакын адам иштеп жатат. Курулуш ж.б. тармактарда убактылуу иштеп жаткандарды эсепке алсак 3000дей ашат. Жылдын жыйынтыгы менен биз өндүрүштүн 116 пайыз деп белгиледик. Биздин облус жалпы ИДПнын 10 пайызын түзөт. Жаӊы ишканалар да улам кошулуп, бул көрсөткүч акырындык менен көтөрүлүп жатат. Мисалы, облуста акыркы мезгилде 3  цемент завод катуу иштеп, өндүргөн продукциясын экспортко көп чыгарып жатат. Ал эми Ошто 18 ишкана көмүр казууга лицензия алган болсо, ошонун 12си жакшы  көрсөткүч менен иш алып барышып, Кытай, Тажикстан, Өзбекстанга экспорттоп жатышат.  Алар жалпылап айтканда республикада өндүрүлгөн жалпы көмүрдүн жарымын казып жатат десек болот.

—Социалдык курулуштар кандай деӊгээлде жүрдү?

—2018-жылы 57 обьектини ишке бергенбиз. 2019-жылы 32 обьект ишке берилди. Булар эми мамлекеттик бюджеттен курулду. Андан тышкары, жергиликтүү бийлик тарабынан, бюджеттик эмес уюмдардан, фондордон  курулуп жаткандарды жалпылап эсептеп көрсөк 294  ар кандай обьект курулуптур.  Бир курулушту айта кетейин. Кара-Суу айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттен 160 миллион сомго 1500 окуучу окуй турган заманбап 3 кабаттуу мектеп салынды. Ал мектептин ичинде тиешелүү адиси менен  тиш дарылоочу жабдыктары медпункт дагы ачылган. Ал медпункта балдарды медициналык жактан текшерип турушат. Жылына Ош облусуна капиталдык курулушка 600 миллион сомдой бөлүнөт. Негизи планга 130га жакын курулуш кирген. Көп жылдан бери бүтпөй турган курулуштардын 70 пайызы бүтүп калгандарды биринчи кезекте куруп бүтүү маселеси колго алынгандан кийин бул багытта жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатабыз. Быйыл дагы ошол 130га жакын  курулуштун бүтпөй калганды бүткөрүлөт.

Курулуштарды иретке келтирүү багытында мен бир сунуш кылып жатам. Кээ бир айылдарда эки кабаттуу мектеп куруп салышат. Бирок айыл кичине болуп, ал заӊгыраган мектепке окуй турган ошончо бала жок болуп калат. Кээ бир айылдар чындап эле чоӊ мектепке муктаж. Себеби, бала көп. Мектеп кичине, батпайт дегендей. Мындай көрүнүштөрдүн көбү шайлоо учурунда болуп кеткен. Кээ бир райондордон депутат шайланбай калса, мектеп салынбай калып жаткан учурлар да кездешет. Мына ушунун баарын эске алып мен сунуш кылып келатам. Республикалык бюджеттен облустун курулушуна каралган акчаны бизге түз берсе жакшы болмок. Себеби, биз кайсы айылдарга мектеп ж.б. социалдык мекемелер канчалык деӊгээлде керек экенин жакшы билебиз да. Жогорку бийлик биздин сунушту колдосо,  чынында курулуш маселеси саясатташпай, тегиз, калыс жүрмөк.

—Ош облусунда табигый кырсыктар көбүрөөк катталчу эле… Бул боюнча эмне айтасыз?

—Чынында 2016-2017-жылдары Ош облусунда табигый кырсыктар көп катталган. Кудайга шүгүр эки жылдан бери  сел, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары дээрлик  болгон жок. Бул багытта ӨКМ дагы алдын-ала иштерди талапка ылайык жакшы иштерди жүргүзүшүп жатышат. Жер көчкү көп катталган жерлерге   эл аралык уюмдардын жардамы менен “Жашыл долбоор”  менен токойлордун аянтын көбөйтүп жатышат. Бул боюнча бир көйгөй бар. Маселен, Өзгөн, Алай райондорунда кооптуу жерлерде жайгашкан айылдар бар. Алар мамлекеттен акчалай  жардам дагы, башка жерден жер тилкелерин дагы алышса да, бул боюнча иш сотко чейин кетсе да  тургундар көчпөй жашап жатышат. Негизи бул маселеде мамлекеттен тышкары, жашоочулар дагы өздөрү аракет кылышы керек эле. Ошентсе да бул багытта акырындан иштер жүргүзүлүп жатат.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here