—Узарбек мырза, сиз жетектеген облуста айыл чарба тармагында кандай артыкчылыктар болуп жатат?

—Биздин 7 районубуз теӊ айыл чарба багытында. Алай, Чоӊ Алай, Өзгөн, Ноокаттын жогору жактары тоолуу болгондуктан ал жакта көбүнчө мал чарбачылыгына басым жасалат.  Биз акыркы учурда бул багытта кайра иштетүүгө көбүрөөк көӊүл буруп жатабыз. Өкмөттүн айыл чарба багытына берип жаткан ссудалары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан берилген акчаларга өтө керектүү  маселе акырындык менен чечилип жатат. Мисалы,  бизде 16 мал соючу жай бар дегенибиз менен алар азыркы талаптарга  көп жооп бербейт Жакында  Өзгөн, Араван райондорунда ЕАЭСтин талаптарына жооп бере турган мал соючу жай курулуп бүтүп, ишке берилди. Азыр ал жерден союлган мал этерин экспортоого шарт түзүлүп калды. Ал эми АРИСтин долбору менен Кыргызстандын 3 облусуна: эт, сүт, жүн, бал  продукцияларын өндүрүү  боюнча 20 миллион долларлык долбоор кирип жатат. Ошол үч облустун бири биздин облус. Биз да аталган продукцияларды Кудай буйруса, көбөйтүп, өндүрүштү экспортко багыттайбыз. Азыркы учурда да мындай продукциялар биздин облуста өндүрүлүп Кытай, араб, кошуна мамлекеттерине экспорттолуп жатат. Бул иш буйруса дагы күчөтүлөт.

Биздин облуста мындан тышкары, акыркы учурда пахта эгүү көбөйдү. 2016-жылы 7 миӊ гектарга айдалса, 2017-жылы 8 миӊ, 2018 –жылы 10500, 2019-жылы 11500 гектар жерге айдалды.  Анткени, жыл өткөн сайын пахтанын баасы бир аз көтөрүлүп, жакшы болуп жатат. Пахта көбүнчө Россия менен Түркияга экспорттолуп жатат.

—Ош облусунда жалпы канча айыл өкмөтү бар?

—7 район, 88 айыл өкмөт жана Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн шаарлары бар.

—88 айыл өкмөттүн канча дотацияда?

—80ге жакыны дотацияда. Дотациядан чыкканга аракет кылып жаткан бир катар айыл өкмөттөр аракет кылып жатышат. Себеби, акыркы учурларда кээ бир салыктын түрлөрү  жергиликтүү бийликтин өзүндө калып баштады. Мен  бул кызматка келгенге чейин Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп турдум. Айырмасы, ал жактагы айыл өкмөттөрдүн бюджети 15-20 миллионго жетсе дотациядан чыгып кетишет эле. Ал эми Оштогу айыл өкмөттөрдө бюджет ошондой деңгээлге жетип калса да дотациядан чыгуу кыйын. Себеби, айыл өкмөттөрдө элдин саны көп. Ошончо социалдык мекемелер дагы көп. Мисалы, Ошто көбүнчө 5-6 айыл биригип бир айыл өкмөт да. Андыктан бир айыл өкмөткө 5-6 мектепти каржылап, чыгымын жабуу оӊой эмес иш. Ошондой болсо да дотациядагы айыл өкмөттөрдүн иштери жакшы. Дээрлик баары теӊ эл аралык долбоорлорго катышышып, айылдын ар канда  көйгөйлөрүн чечип жатышат.

—Облуста чечилбей жаткан чоӊ көйгөйлөрдү айтсаӊыз?

—Эл эмнеге муктаж болсо ошонун баары эле көйгөй да. Мисалы, бир айылда таза суу жок болсо, ал  айыл үчүн ошол маселе чоӊ көйгөй. Облустун деӊгээлинде алсак, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу шаарларында иштетилген кир суулар агып кетчү түтүкчөлөр жок. Негизи шаар болгон соӊ, андай   түтүкчөлөр болушу керек. Бул  маселе планга кирген. Азыр Европа өнүктүрүү  банкы аркылуу тендерлер өтүп жатат. Мындан тышкары, жол маселеси да бар.  Мисалы, Өзгөн жолу Бишкек – Ош стратегиялык жолдун боюнда турат. Ал жолдон Баткен ж.б. багыттарга кеткен автоунаалардын баары жүргөндүктөн көп тыгын болот. Бул жолду айланып кете  турган айланма жол салынса жакшы болмок. Эмнеге дегенде Өзгөнгө туристтер да  көп келет. Аларга да, шаар тургундарына да жолдогу  тыгын бир топ ыӊгайсыздыкты жаратып жатат.

—Көп жылдан бери бизде ар бир облуска жетекчи кылып, ошол облустан чыккан тыӊ адамдарды жетекчи кылып дайындап келди эле. Сизди ротация катары Ысык-Көлдөн эӊ чоӊ Ош облусуна жетекчи кылышты. Кантсе да түштүктө түндүккө салыштырмалуу менталитетте  айырма бар эмеспи. Башында иштегенге кыйын болгон жокпу?

—Кыйын деле болгон жок. Башында Ысык-Көлдө иштеп жүрүп, бул кызматка дайындалганда облустун ысыгы бир аз кыйнады десем болот. Андан кийин андай ысыкка деле көнүп кеттик. Ал эми иш жагынан алганда, мындай иште аздыр-көптүр тажрыйбабыз бар, ошондуктан кыйналганым жок. Өзүӊдүн кичи мекениӊде жетекчилик кызматта иштесе, дос-тууган, тааныш деген көп болот да. Башка жерде болсо тааныш азыраак болсо, сый мамиледе болот. Чынында  ротацияны мен туура көрөм. Мына ошто Нарында, Көлдөн, Чүйдөн деле Ошто иштеп жүргөндөр абдан көп. Алар деле сый мамиле менен татынакай иштеп жатышат. Акимдерди деле өз  баласы деп өзүнүн районуна эмес, башка райондорго ротация кылып турса бул да жакшы болот. Мен үчүн Ошто иштеп жатканым чоӊ тажрыйба  болуп жатат десем болот.

                                  Собол салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here