Бүгүн Жогорку Кеӊештин 2020-жылдагы биринчи парламенттик сесиясында өткөн жылдын этегинде БШКдан мандат алган Нурбек Сыдыгалиев ант берди. Ал «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Алмамбет Шыкмамтовдун ордуна келген.

Нурбек Сыдыгалиев 1973-жылы 15-августта туулган. 1990-1995 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде «Бухгалтердик учет, көзөмөл жана чарбалык анализ иштери» адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2002 — Жеке ишкерлик менен алектенген;
  • 2002-2006 — «Асейин» өндүрүштүк коммерциялык фирмасынын директорунун орун басары;
  • 02.04.2007-22.10.2007 — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
  • 2008-2010 — «Спорт биримдиги» спорттук уюмунун директору;
  • 09.04.2010-02.09.2010 — «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
  • 2011-2012 — «Чакан ГЭС» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;
  • 2012-2016 — Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • 2019-жылдын декабрь айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп мандат алды.

2011-жылдан бери Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти.

«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» класстык чини бар. Нарын облусунун «Жумгал районунун ардактуу атуулу» наамын алган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here