Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев орус өкмөтү отставкага кеткени маалым болду. Президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешиндеги кезектеги элге кайрылуусунда мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керектигин билдирген. Жаӊы сунушта Мамлекеттик Дума премьер-министр, вице-премьер-министр жана федералдык министр кызматтарына талапкерлерди тандап, аныктайт. Президент парламент сунуштаган талапкерди ошол кызматка бекитип гана бере алат жана четке кагуу укугу болбойт.


Премьер-министр же дагы башка жогорку кызматтагы аткаминерлер ишенимден кеткен учурда гана президент аны кызматтан четтете алат. Куралдуу күчтөрдү башкаруу укугу президенте калат.
Путин андан сырткары мыйзамдагы «бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат», деген жердеги «катары менен» деген сөздү алып салууну талкуулоо керектигин белгиледи. Путин жыйында Медведевге Коопсуздук кеӊешинин төрагасынын орун басарлык кызматын сунуштаганы маалым болду




ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here