Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү чарчап калган наристе ооруканага 10-январда түндө келип түшкөнүн кабарлады. Анын далысында, төшүндө көгала тактар болгон. Ушундан улам соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бир жаштагы Ясина ооруканага алынып келинген күндүн эртеси чарчап калган.
Анын атасы жарым жыл мурда каза болгон, апасы ошондон кийин Түркияга иштегени кетип, кыз таята-таенесинин колунда калган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here