Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгерлери үйлөрдүн бирине шашылыш чакыруу менен барып, ошол жерден эгиз балдарды жарыкка алып келди. Бул туурасында тез жардам кызматкери «Sputnik Кыргызстанга» билдирген.

Анын айтымына караганда, Тез жардамга толгоо башталганы боюнча маалымат 14-январда саат 06:20да келип түшкөн. Дарыгерлер 20 мүнөттө жетип келгенде, аял төрөй баштаган.

Ак халатчандар келинди үйдөн төрөтүүнү чечишкен. Жарыкка эки эркек бала келген. Биринин салмагы — 2 кг, экинчи ымыркайдыкы —2,5 кг экендигин айтышты.

Алар Бишкектеги перинаталдык борборго жеткирилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here