Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участкасына жеке ишкер жана эмгек мигранты тарабынан эки кабаттуу 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулду. Мектеп курулушун Россияда эмгектенген Кубатбек Досматов каржылаган, ал эми курулуш иштерине айыл жашоочулары тартылган. Мектептин ачылышы 13-январда өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдыктар катышты. Беш чакырым аралыктан мектепке жөө каттаган башталгыч класстын 150 окуучусу кийинки жумадан тартып жаңы мектепте окуй башташат.

Жаңы билим уясы Арстанбап орто мектебинин бир бөлүмү катары иштейт. Жарым кылым мурда салынган аталган мектепте 1500гө чукул окуучу үч нөөмөттө билим алышат.

Курулушка эмгек мигранты 6 млн, Арстанбап айыл өкмөтү 200 миң сомдук салым кошкон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here